Экономика министрлиги оюн-зоок жайларына лицензиянын баасын жарыялады.
Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында 84 миллион сомго казино ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында лицензиянын баасы 42 миллион, ал эми Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында 25 миллион 200 миң сомду түзөт.
Уруксат 10 жылга берилет жана аны юридикалык жактар гана ала алышат.
Учурда токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.