Өкмөт канттын импортуна КНСтин нөлдүк ставкасын узартууну сунуштоодо

Министрлер кабинети кумшекерди импорттоого нөлдүк кошумча нарк салыгын жыл аягына чейин узартууну сунуштоодо.

Муну менен бийлик продукциянын баасын турукташтыруу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону көздөп жатат.

Документ Кыргызстанга тарифтик квота боюнча ташылып келинген кумшекерди, чийки затты жана тазаланган кантты камтыйт.

Буга чейин Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан 105 миң тонна өлчөмүндө бекитилген.

Эске салсак, кантка КНСтин нөлдүк ставкасы министрлер кабинети тарабынан 11-мартта киргизилген жана 31-августка чейин күчүндө.