Өлкөдө фермерлерге 7,5 миңден ашык жеңилдетилген насыя берилди

Өлкөдө фермерлерге 7,5 миңден ашык жеңилдетилген насыя берилди. Каражатты алар “Айыл-чарбачылыгын каржылоо — 10” долбоорунун алкагында алышты. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, берилген жалпы сумма 4 миллиард сомдон ашат.

 

Ведомстводон такташкандай, акча мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүгө берилүүдө. Андан тышкары, агро өнөр-жай тармагындагы ишканалар дагы бул линия менен жеңилдетилген насыя ала алышат.