Маймыл чечеги АКШнын бардык 50 штатында катталды.
Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, жалпысынан өлкөдө 15 миң 500гө жакын учур аныкталган.
Вирусту жуктургандардын саны боюнча биринчи орунда Нью-Йорк жана Калифорния штаттары турат.
Ошол эле учурда 10 штатта инфекция жуктургандардын саны 10дон ашпайт, — деп айтылат маалыматта.