Оштогу Курманжан Датка көчөсүндө бир айга унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет.
Түштүк борбордун мэриясынан билдиришкендей, бүгүндөн тарта 23-сентябрга чейин Абдыкадыров көчөсүнөн Аматовго чейинки тилкеде кыймыл жабылат.
Мунун себеби жылуулук трассасындагы оңдоо иштерине байланыштуу.
Мындан улам, айдоочулар алдын ала альтернативдүү жолду тандап алуусу зарыл.