УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге КР Баатыры наамы ыйгарылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президентин маалымат кызматынан билдиришти. «Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын Баатыры артыкчылык даражасы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы… Кененирээк…

Бүгүн транспорт, турак-жай жана жер тилкесине салык төлөөнүн акыркы күнү

Бүгүн транспорт, турак-жай жана жер тилкесине салык төлөөнүн акыркы күнү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Төлөмдөр банк кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, уюлдук банкинг аркылуу жана башка төлөм системалары аркылуу кабыл алынат.   Өз учурунда салык төлөбөгөндөр айып төлөйт – физикалык жактар 1 миң сом, ал… Кененирээк…

Бишкектин Алтын-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды

Бишкектин Алтын-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, курулуш иштери 3 ай мурда башталган. Билим берүү мекемеси 480 окуучуга чакталат жана анда бардык шарттар каралган.   Белгилеп кетсек, Алтын-Ордо конушунда 6 миң 400 адам жашайт, анын 2 миң 280и мектеп окуучусу.

Мектеп директорлорун тандоо боюнча сынак 1-ноябрга чейин аяктайт

Мектеп директорлорун тандоо боюнча сынак 1-ноябрга чейин аяктайт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ага чейин бардык орто билим берүү мекемелеринин жетекчилери бекитилет. 20-сентябрдан 30-сентябрга чейин төмөн жыйынтык алган талапкерлерди кайра сыноо өтөт.   Жаңы директорлор дайындалганга чейин айрым мектептерди буга чейинки директорлор жетектеп турат. Эске… Кененирээк…

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча келишимге ШКУ саммитинде кол коюлат

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча келишимге ШКУ саммитинде кол коюлат. Расмий иш-чара 15-16-сентябрда Самарканд шаарында өтөт.   Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов билдирди. Ал белгилегендей, темир жолдун транс кавказдык коридор менен биригүүсү бирдиктүү тармакты түзүп, Кытайдан… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол көзөмөл-өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат

Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол көзөмөл-өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Пункт аркылуу транспорт жана адамдар бүгүн күндүзгү саат 3төн кечки 6га чейин өткөрүлбөйт.   Бул аралыкта тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңыртуу иш-чаралары жүргүзүлөт.   Кыргыз-казак чек арасындагы… Кененирээк…

Дубайда туризм дээрлик толук кандуу жанданды

Дубайда туризм дээрлик толук кандуу жанданды.   Пандемия чектөөлөрү алынгандан  кийин 2022-жылдын биринчи жарымында Дубайдын эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн саны кескин өстү.   Алсак, соңку 6 ай ичинде   28 миллиондон ашык адам Дубай аэропорту аркылуу саякаттаган. Бул пандемияга чейинки көрсөткүчтүн 70 пайызына барабар.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен мектеп аймагындагы көзөмөл күчөтүлдү

Жаңы окуу жылынын башталышы менен мектеп аймагындагы көзөмөл күчөтүлдү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында “Көңүл бургула, балдар” акциясы башталды.   Кыймыл көп көчө кесилиштеринде жол инспекторлорунун нөөмөтү уюштурулду.   Акция мектеп окуучуларынын катышуусундагы кырсыктарды алдын алуу максатын көздөйт.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги футбол стадионунун курулушуна даярдык көрүп баштады

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги футбол стадионунун курулушуна даярдык көрүп баштады. Учурда жер алдындагы жана тосмо конструкциялар орнотулуп жатат.   Эске салсак, заманбап стадион Чүй облусундагы Орок айыл аймагында орун алат. Ал 22 миңге чейин көрүүчүнү батыра алат деп күтүлүүдө.

Кыргызстан мектептеринде 440 миң окуучу ысык тамак менен камсыздалат

Кыргызстан мектептеринде 440 миң окуучу ысык тамак менен камсыздалат.   Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республика аймагында 1 миң   660 мектепте ашкана уюштурулуп, окуучуларга ысык тамак берилип келет. Кошумчалап кетсек, башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак… Кененирээк…