Кыргызстанда “Электрондук китепкана” платформасы түзүлдү

Кыргызстанда “Электрондук китепкана” платформасы түзүлдү.

Анда кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде санариптештирилген 500дөн ашык окуу китептери топтолгон.

Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакуновдун айтымында, санариптештирилген окуу куралдарынын саны жыл сайын көбөйүүдө жана бул мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин чечүүгө жардам берет.