Президент эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу тууралуу жарлыкка кол койду.
Тизмеде коомдук жана саясий ишмерлер, ишкерлер, искусство адамдары жана башкалар бар.
Сыйлыктар социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, кесиптик ишмердүүлүгүндөгү чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата ыйгарылды.