Ташкент шаарындагы аэропортто жүргүнчүдөн крокодилдин 54 баласы табылды.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, кармалган жаран крокодилдин балдарын бир нече желим идиштерге, сабиз, лимон, банан жана башка жашылча-жемиштердин арасына катып койгон.
Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат жана жүргүнчүнүн Өзбекстанга крокодилдерди эмне себептен алып келгени такталууда.