Баткенде Аскер прокуратурасынын административдик имараты ачылды

Баткенде Аскер прокуратурасынын административдик имараты жана кызматтык үйү пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын, облустук, райондук прокуратуралардын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Эки кабаттуу административдик имараттын жана сегиз батирлүү эки кабаттуу турак жайдын курулушу 2021-жылдын сентябрында башталып, 11 айда бүткөрүлдү.