Улуттук банк валюталык операцияларга коюлган чектөөлөрдү алып салды

Улуттук банк валюталык операцияларга коюлган чектөөлөрдү алып салды.

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, мунун себеби Кыргызстандын валюта рыногундагы кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу.

Чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндөгү чектөөлөр ушул жылдын 1-декабрына чейин алынып салынды.

Эске салсак, 22-июлда Улуттук банк башкармасы чет элдик валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө убактылуу чектөө киргизүү тууралуу токтом кабыл алган.