Акылбек Жапаров: “Асман” шаары сөзсүз курулат

“Асман” шаары сөзсүз курулат.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоордун концепциясы талкууланган жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, курулуш иштерин алгач болжол менен 20 миң адамга эсептелген шаарчадан баштоо керек.

Ал жакта элдин ден соолугун чыңдоо жана туристтерди тартуу үчүн жайы-кышы тийиштүү шарт болуу зарыл.

Жыйында “Асман экологиялык таза шаары” долбоорунун үч концепциясы талкууланды.

Аларды Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университети, Долбоорлоо илимий-изилдөө институтунун Ысык-Көл филиалы жана “Кыргызреставрация” ишканасы даярдашкан.

Эске салсак, президенттик администрация Ысык-Көлдө “Асман” деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаар куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган.