Кара-Суу районундагы бала бакчанын курулушуна дээрлик 66 млн сом жумшалат

Ош облусунун Кара-Суу районундагы бала бакчанын курулушуна дээрлик 66 миллион сом жумшалат.

Бул боюнча тендер мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүүчү жай Сарай айыл өкмөтүндө жайгашат.

Тендердик документацияга ылайык, бала бакчага өрт сигнализациясы, жылытуу, ашканага тиричилик техникалары орнотулушу керек.

Эмерек сатып алуу да камтылган.