Өлкөдө калкты каттоонун жыйынтыгы ушул жылдын аягына чейин чыгарылат

Өлкөдө калкты каттоонун жыйынтыгы ушул жылдын аягына чейин чыгарылат.

Бул тууралуу Novost.kgге Улуттук статистикалык комитеттин адиси Римма Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, мекеме бир нече багыттар боюнча болжолдуу жыйынтыктарды берүүнү пландаштырууда.

Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо жазында өттү.