Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу сентябрдын аягында башталат

Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу сентябрдын аягында башталат.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитет объектти кайсы эл аралык компания курарын чече элек.

Буга чейин бир нече фирмалар менен келишимдер түзүлгөн, азыр документтер изилденип жатат.

Мэриянын планы боюнча курулуш 1,5-2 жылда бүтөт.