Дубайда өзгөчө дизайндагы мейманкана курулат

Дубайда өзгөчө дизайндагы мейманкана курулат. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, айдын формасын чагылдырган имарат Moon Dubai аталышын алат.   Уникалдуу дизайнды ишке ашыруу үчүн 5 миллиард доллар жумшалмакчы. Мейманканы курууга 48 ай кетет. Анын бийиктиги 224 метрди түзүп, жылына   10 миллион конокту кабыл алат.

Чай баштыкчаларын кайталап демдөө зыян

Чай баштыкчаларын кайталап демдөө зыян. Адистердин айтымында, бир жолку колдонулуучу чайды кайра демдеген учурда анда кычкылдануу процесси башталат. Суунун тунук болбой калышы жана чай бетиндеги көбүк бул процесс башталганынан кабар берет.   Бул учурда суусундукта зыян органикалык кубулуш – гуанидин пайда болот.   Чай баштыкчасын… Кененирээк…

Ордо калаада кичи парк пайда болот

Ордо калаада кичи парк пайда болот. Жаңы эс алуу аймагынын долбоорун жана эскизин “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемеси даярдады. Сквер Чүй проспектисинин Фучик көчөсү менен кесилишинде жайгашат.   Архитекторлордун планы боюнча, бул Ленин райондук администрациясынын имараты алдында орун алган чакан эс алуу аймагы болот.

Бишкекте “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында көчөлөрдү оңдоо уланууда

Бишкекте “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында көчөлөрдү оңдоо уланууда. Мэрия маалыматына ылайык, учурда иштер Кулатов, Жайыл Баатыр жана Панфилов көчөлөрүндө жүрүп жатат.   Анын алкагында жол катмары жаңыртылып, ирригациялык тармак оңдолуп, тротуарлар курулууда. Долбоордун экинчи этабы 2 жылга эсептелген.   Бул убакыт аралыгында… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк жакынкы 5 жыл ичинде Кыргызстандагы долбоорлорго  600 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк жакынкы 5 жыл ичинде Кыргызстандагы долбоорлорго  600 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу банктын биздин республикадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Накви билдирди.   Анын айтымында, каражат пайызсыз насыя катары 50 жылга берилет. Каржылана турган долбоорлор өкмөт менен биргеликте тандалып алынат. Учурда кыргызстандыктардын сунуштарын угуу… Кененирээк…

Баткенде чек ара кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлөт

Баткенде чек ара кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлерди тапшыруу аземинде жарыялады.   Чек арачылардын маянасы качан жана канчага жогорулай турганы айтылган жок.   Жапаров кошумчалагандай, чек арачыларды үй менен камсыз… Кененирээк…

Нарында кубаттуулугу 100 мегаватты түзгөн ГЭСтин курулушу башталды

Нарында кубаттуулугу 100 мегаватты түзгөн ГЭСтин курулушу башталды. Куланак айылында жайгашкан гидроэлектр станциясы 4 жылда салынат. Ал жылына 450 миллион киловатт саат электр энергиясын иштеп чыгат деп пландалууда.   Долбоордун сметалык баасы 100 миллион еврону түзөт. Учурда курулушта 500 адам иштеп жатат, ал эми ГЭС… Кененирээк…

Кыргызстанда дизель майы бир айда эле 71 сомдон 76 сомго кымбаттады

Кыргызстанда дизель майы бир айда эле 71 сомдон 76 сомго кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Күйүүчү майга  баанын өсүшү август бою катталды.   Абал күзгү талаа иштерине дизелге фермерлер арасында суроо-талап жогорулаганы менен дагы курчуп жатат. Эң кымбат солярка Исфанада – бир литри… Кененирээк…

Электр энергиясын үнөмдөө максатында Эйфель мунарасынын жарыгы эрте өчүрүлөт

Электр энергиясын үнөмдөө максатында Эйфель мунарасынын жарыгы эрте өчүрүлөт. Франция борборунун мэри Анн Идальго мындай чечимди өлкөдөгү энерго кризисти эске алуу менен кабыл алды.   Буга чейин Эйфелге алтын түс берген  336 прожектор түнкү саат 1де өчүрүлүп келсе, эми акыркы конок чыгып кеткенде же 23:45те… Кененирээк…

Кара-Балта шаарында текстиль фабрикасы ачылат

Кара-Балта шаарында текстиль фабрикасы ачылат. Ал мурдагы килем комбинатынын ордунда жайгашат. Бул тууралуу Инвестиция боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.   Андан такташкандай, түркиялык инвестор заводдун курулушуна, имаратын кеңейтүүгө жана оңдоо иштерине жалпысынан 400 миң доллар багыттады. Долбоор ишке ашканда, 1 миңге чейин жаңы жумуш орду түзүлөт.