Кыргызстан жүгөрү, картошка жана пахтаны экспорттой баштайт

Кыргызстан жүгөрү, картошка жана пахтаны экспорттой баштайт.

Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба продукциясын Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан сатып алуу ниетинде.

Чиновник ошондой эле быйыл 110 миң гектарга жакын жерге жүгөрү эгилгенин белгиледи.

Бул өлкөнүн калкы керектегенден эки эсе көп.