Кыргызстанда орточо айлык акы 24 миң 375 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык акы 24 миң 375 сомду түздү.

Ушул жылдын январынан август айына чейинки маалыматтар Улуттук статистикалык комитет тарабынан берилди.

Эмгек акы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 пайыздан ашык өскөн.

Эң олуттуу жогорулоо искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттык сактоо, билим берүү жана тоо-кен тармагында катталды.