Тажикстандагы 25 этникалык кыргыз Бишкекте акысыз билим алат

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде этникалык кыргыздар Бишкектеги жогорку окуу жайларга өтүү үчүн экзамен тапшырды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Окууга өтүү үчүн сынакка Мургаб, Лахш райондору жана Согди облусунда жашаган кыргыздар катышкан.
Быйылкы 2022-2023-окуу жылына Тажикстанда жашап калган боордоштор үчүн Кыргызстандын университеттеринен 25 бюджеттик орун бөлүнгөн. Экзамен кабыл алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан комиссия түзүлгөн. Анын курамында жогорку окуу жайлардын, илим тармагынын, жарандык коомчулуктун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирген.