Кыргызстанда инфляция жыл аягына чейин 15,5 пайызды түзүшү мүмкүн.
Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты боюнча отчетунда айтылды.
Адистердин айтымында, баарынан да азык-түлүктүн баасы кымбаттап жатат.
Баалардын секирүүсү ижарага алынган турак жайларга да катталды.
Азык-түлүктөн тышкаркы инфляция да импорттук товарлардын кымбатташынан улам тездеди.
Дагы бир фактор катары бюджеттик кызматкерлердин маянасын жогорулатуу болду.
Бул баалардын өсүшүнө басым жасайт, дейт Улуттук банктын эксперттери.