Дүйнөлүк банк жакынкы 5 жыл ичинде Кыргызстандагы долбоорлорго  600 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк жакынкы 5 жыл ичинде Кыргызстандагы долбоорлорго  600 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу банктын биздин республикадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Накви билдирди.

 

Анын айтымында, каражат пайызсыз насыя катары 50 жылга берилет. Каржылана турган долбоорлор өкмөт менен биргеликте тандалып алынат. Учурда кыргызстандыктардын сунуштарын угуу үчүн аймактарга сапарлар уюштурулуп жатат.

 

Навид Наквинин айтымында, Кыргызстан калкынын жашоо шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорго каражат бөлүү 2023-жылы башталат.