Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу облус жетекчилигинин маалымат кызматынан билдиришти. Сулайманов жумушун тапшырып жатып кайрылуу жасаган.

 

Ал азыркыдай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракети текке кетерине көзү жеткенин жазды.

 

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп ушул жылдын 24-февралында дайындалган.