Кыргызстан бийлиги бала бакчаларда тамактануу үчүн ата-энелерден акча алуу ниетинде

Кыргызстан бийлиги бала бакчаларда тамактануу үчүн ата-энелерден акча алуу ниетинде. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамында жазылгандай – бала бакча тарбиялануучуларынын тамактануусуна бюджеттин каржылоосу токтотулат.

 

Бүгүнкү күндө бөбөктөргө бакчада тамак берүү үчүн күнүнө 36 сом бөлүнөт, сумманын жарымы мамлекеттик казнадан алынат. Мыйзам кабыл алынса, бала бакчалардагы тамактанууга чыгым толугу менен ата-энелерге жүктөлөт. Муну менен чиновниктер республикалык бюджеттин чыгашаларын азайтууну көздөп жатат.