Баткен облусунун эң алыскы айылы Зардалыга барчу жаңы жол курулат

Баткен облусунун эң алыскы айылы Зардалыга барчу жаңы жол курулат. Бул тууралуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Абдикарим Каламбеков билдирди. Анын айтымында, Сох – Кан – Зардалы жолун сел жууп кеткен.

 

Эми анын ордуна кеңейтилген жаңы трасса салынды. Анын жалпы узундугу 60 чакырымды түзөт. Андан тышкары, Тунук-Суу айылынан Зардалы айылына чейин жаңы жол курулат деп пландалууда.