Токиодо салттуу Санта Клаус жарышы өттү

Токиодо салттуу Санта Клаус жарышы өттү. Ага бардык курактагы 5 миңдей адам катышты. Марафон эки дистанция боюнча уюштурулду. Эң узуну дээрлик 4,5 чакырым, эң кыскасы 2 чакырым болду. Салттуу жарыштын негизги максаты —  жеңиш эмес, кайрымдуулук үчүн каражат чогултуу болуп саналат. Акча майрамды ооруканаларда өткөрө… Кененирээк…

Кыргызстанда аялдар жетекчилик кызматтардын үчтөн бирин гана ээлейт

Кыргызстанда аялдар жетекчилик кызматтардын үчтөн бирин гана ээлейт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Ведомстводон белгилешкендей, республикадагы ишканалардын жетекчилеринин жалпы саны 700 миңден ашат. Алардын 28 пайызын гана аялдар түзөт. Жетекчиликте кыргызстандык аялдардын эң азы Баткен облусунда, эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында катталган.

Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 1 млрд доллардан ашат деп күтүлүүдө

Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү жыл аягына чейин 1 миллиард доллардан ашат деп күтүлүүдө. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Novosti.kgге билдиргендей, бул былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көп дегенди билдирет. Маалыматка ылайык, бул жылы экономикада диверсификация жүрүүдө. Алсак, чет элдик инвесторлор каражатын реалдуу секторго… Кененирээк…

Кыргызстандын экономикасы келерки жылы 3,5 пайызга өсөт

Кыргызстандын экономикасы келерки жылы 3,5 пайызга өсөт. Мындай божомолду Евразия өнүктүрүү банкы жарыялады. Финансылык мекеменин талдоочулары өлкөдөгү экономикалык өсүүнүн бир нече булактарын белгилешти. Бюджет салык саясатынын чаралары, алтын өндүрүүнүн көбөйүшү жана резидент эместер, анын ичинде Россиядан келген туристтер тарабынан суроо-талаптын өсүшү менен колдоого алынат деп… Кененирээк…

Катарда төөлөрдүн сулуулук сынагы өттү

Катарда төөлөрдүн сулуулук сынагы өттү. Ага Перс булуңунун ар кайсы мамлекеттеринен 700дөн ашык жаныбар катышты. Тандоо критерийлери абдан катаал болгон. Алсак, төөлөргө косметикалык процедуралар жасалып, жасалбаганын атайын комиссия текшерди. Бул үчүн ээлери сынактан четтетилип гана тим болбостон, жаныбарларды алардан тартып алышат. Калыстар дененин жана баштын… Кененирээк…

Кыргызстанда оорукана жетекчилери аттестациядан өткөрүлөт

Кыргызстанда оорукана жетекчилери аттестациядан өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Улан Садыков билдирди. Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында административдик чаралар көрүлөт. Кээ бир мекеме жетекчилери кызматтан алынышы мүмкүн. Учурда аттестациянын механизми иштелип жатат. Биринчи этап жаңы жылдын башында болот деп пландалууда.

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө жок

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө жок. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кызматкерлер жолдун жээгин кардан тазалап, инерттүү материалдар себилүүдө. Ушундай эле иштер Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жана Чапчыма ашууларында да жүргүзүлүп жатат. Тоолуу аймактар ​​аркылуу жолго чыгууну пландаган айдоочулар жол эрежесин так сактап, каршы тилкеге… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында жаңы бала бакча ачылды

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылында заманбап бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эки кабаттуу марат 120 балага ылайыкташтырылган. Бала бакча 2019-жылы инвестордун колдоосу менен каржылоого алынып, жалпы сметалык наркы 49069,2 миң сомду түзгөн.

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө сасык тумоо жана курч респиратордук вирустардын күч алышы байкалууда.   Бирок бул сезондук өсүш болгондуктан, нормалдуу көрүнүш. Мектептерде окуучулардын вируска чалдыгуусун каттоо үчүн күн сайын мониторинг жүргүзүлүп… Кененирээк…

Коюу тумандан улам «Ош» аэропортундагы каттамдардын графиги өзгөрдү

Бүгүн, 5-декабрда, «Ош» эл аралык аэропортун каптаган коюу тумандан улам ички авиакаттамдардын графиги өзгөрдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти. Туруксуз аба ырайына байланыштуу эртең мененки саат 7:40тан баштап жылдырылган ички авиакаттамдардын тизмеги: Ош — Бишкек (132) каттамы 7:45тен 11:40ка жылдырылды; Ош — Бишкек… Кененирээк…