Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө жок.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кызматкерлер жолдун жээгин кардан тазалап, инерттүү материалдар себилүүдө.
Ушундай эле иштер Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жана Чапчыма ашууларында да жүргүзүлүп жатат.
Тоолуу аймактар аркылуу жолго чыгууну пландаган айдоочулар жол эрежесин так сактап, каршы тилкеге чыкпай, атайын техниканын ишине тоскоолдук жаратпашы керек, — деп айтылат маалыматта.