Кыргызстандын экономикасы келерки жылы 3,5 пайызга өсөт

Кыргызстандын экономикасы келерки жылы 3,5 пайызга өсөт.

Мындай божомолду Евразия өнүктүрүү банкы жарыялады. Финансылык мекеменин талдоочулары өлкөдөгү экономикалык өсүүнүн бир нече булактарын белгилешти.

Бюджет салык саясатынын чаралары, алтын өндүрүүнүн көбөйүшү жана резидент эместер, анын ичинде Россиядан келген туристтер тарабынан суроо-талаптын өсүшү менен колдоого алынат деп күтүлүүдө.