Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында жаңы бала бакча ачылды

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылында заманбап бала бакча ачылды.

Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки кабаттуу марат 120 балага ылайыкташтырылган.

Бала бакча 2019-жылы инвестордун колдоосу менен каржылоого алынып, жалпы сметалык наркы 49069,2 миң сомду түзгөн.