Коюу тумандан улам «Ош» аэропортундагы каттамдардын графиги өзгөрдү

Бүгүн, 5-декабрда, «Ош» эл аралык аэропортун каптаган коюу тумандан улам ички авиакаттамдардын графиги өзгөрдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Туруксуз аба ырайына байланыштуу эртең мененки саат 7:40тан баштап жылдырылган ички авиакаттамдардын тизмеги:

Ош — Бишкек (132) каттамы 7:45тен 11:40ка жылдырылды;

Ош — Бишкек (106) каттамы 8:40тан 11:50гө жылдырылды;

Ош — Бишкек (178) каттамы саат 10:40тан 12:30га которулду.

Мындан улам «Манас» эл аралык аэропортунан Ош шаарына аткарылуучу ички каттамдардын да графиги өзгөрүүдө.