Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө сасык тумоо жана курч респиратордук вирустардын күч алышы байкалууда.

 

Бирок бул сезондук өсүш болгондуктан, нормалдуу көрүнүш. Мектептерде окуучулардын вируска чалдыгуусун каттоо үчүн күн сайын мониторинг жүргүзүлүп келет, — деди Арыкбаева.