Бишкекте ЕАЭБ президенттеринин саммити өтөт

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити 9-декабрда Бишкекте өткөнү жатат. Белгилүү болгондой, быйыл бул уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.   Россиялык журналисттер саммитке орус президент Владимир Путин баштаган делегация катышарын жазып жатышат. Саммиттин күн тартиби жана катышуучулары тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык кооздоо иштери башталды

Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык кооздоо иштери башталды. Калаа мэриясынан билдиришкендей, борбордук аянтта бийиктиги 27 метрге жеткен балаты орнотулуп жатат.   Жаңы жылдык кооздоо иштерине жалпысынан 800 миң сомдон ашык бөлүнгөн. Бул суммага аянт жана борбордук көчөлөр көркөмдөлөт.

Бишкекте коомдук транспорттун техникалык абалы текшерилип жатат

Бишкекте коомдук транспорттун техникалык абалы текшерилип жатат. Кайгуул милиция кызматынын инспекторлору жүргүнчү ташуучу унаалардын абалын, техникалык жарактуулугун, аптечка жана өрт өчүрүү шаймандарынын бар-жоктугун текшерүүдө.   Талаптарга жооп бербеген транспорт линиядан четтетилип, бузууларды жоюуга жөнөтүлүп жатат. Рейд 8-декабрга чейин созулат.

Ош облусунда “Араван Сити” турак-жай комплексинин курулушу башталды

Ош облусунда “Араван Сити” турак-жай комплексинин курулушу башталды.   Алля айыл аймагында жайгашкан объекттин курулушуна каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. 5 гектар жерди ээлеген турак-жай комплекс 8 көп кабаттуу үйдөн туруп, 1 миң 200 батирлүү болот.   Анда бала бакча, мектеп, спорт зал дагы пайда болот.

Кыргызстанда быйыл 110 чакырымдык жаңы унаа жол салынды

Быйыл Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду эске алуу менен жалпы узундугу 489,8 чакырым жол оңдолуп, анын ичинен 110 чакырымы жаңыдан салынды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы пайдалануудагы жолдордун узундугу 18 942 чакырымды түзөт. Ал эми шаарлардын, айылдардын, айыл чарба, өнөр жай жана… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында 3-декабрда чыр чыккан аймакта абал тынч экенин бүгүн 5-декабрда “Азаттык” радиосуна Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдирди.   Ал Тажикстандын Исфара районунун жетекчилиги менен кечээ телефон аркылуу сүйлөшүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аймакта туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулаганын айтты.  … Кененирээк…

Дүйнө чемпионатынын алкагында бүгүн дагы чейрек финалга өткөн эки курама аныкталат

Дүйнө чемпионатынын алкагында бүгүн дагы чейрек финалга өткөн эки курама аныкталат.   Кечки саат 9да оюн талаасына Хорватия – Япония курамалары чыгат. Ал эми түнкү саат 1де Бразилия – Түштүк Корея жолугуп, кийинки турга жолдомону талашат.   Эске салсак, Бразилиянын форварды Неймар буга чейин бутунан… Кененирээк…

Кытайдын 3 астронавты 6 айдан кийин Жерге кайтып келди

Кытайдын 3 астронавты 6 айдан кийин Жерге кайтып келди. Командир Чен Донг жана астронавттар Лю Ян менен Цай Сюжэ түшкөн капсула жекшемби күнү Кытайдын түндүгүндөгү Гоби чөлүнө келип конду.   Алар июнда учуп кетишкен. Космосту багындырган станциянын жалпы салмагы 100 тоннага жетет.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалынын катышуучулары аныкталууда

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалынын катышуучулары аныкталууда. Кечээ оюн талаасына алгач Франция – Польша курамалары чыгып, жеңиш француздар тарапта болду.   Бир голду Оливье Жиру, дубльду Килиан Мбаппе киргизип, мыктылыгын дагы бир ирет тастыктады. Ал эми Уго Льористин дарбазасын бир ирет Роберт Левандовски пенальти… Кененирээк…

Баткен районунун Ак-Сай айылында социалдык шаарча ачылды

Баткен районунун Ак-Сай айылында социалдык шаарча ачылды. Аз камсыздалган 10 үй-бүлө турак-жайлуу болду.   Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, курулушу бир жыл мурун башталган социалдык шаарчада 12 турак жай бар. Алардын ар бири төрт бөлмөдөн турат.   Анын айланасына ФАП, бала бакча, тигүүчү цех жана мечит салынат.… Кененирээк…