Кыргызстанда оорукана жетекчилери аттестациядан өткөрүлөт

Кыргызстанда оорукана жетекчилери аттестациядан өткөрүлөт.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Улан Садыков билдирди.

Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында административдик чаралар көрүлөт.

Кээ бир мекеме жетекчилери кызматтан алынышы мүмкүн.

Учурда аттестациянын механизми иштелип жатат.

Биринчи этап жаңы жылдын башында болот деп пландалууда.