Бишкекте эркин күрөш боюнча республика чемпионаты өтөт

Бишкекте эркин күрөш боюнча республика чемпионаты өтөрүн Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдеш 23-24-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болот. Чемпионат улуттук курама команданы түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкө жаштарынын арасында күрөштү жайылтуу максатында уюштурулат. Мелдеш UWW эл аркалык уюмунун… Кененирээк…

Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 9-январь күнү саат 22:52де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди. Жер титирөө Сузак районунун Ак-Терек, Жийде, Кыргызстан айылдарында жана Көк-Жаңгак шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган… Кененирээк…

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Спорттук иш-чара 21-22-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында уюштурулат. Мелдеш Күрөш дүйнөсү уюму бекиткен эрежелердин негизинде өткөрүлөт. Чемпионат улуттук курама команданы түзүү, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана жаштар арасында… Кененирээк…

Сауд Аравия быйылкы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлдү

Сауд Аравия быйылкы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлдү. Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы билдиргендей, бул тууралуу муфтий Замир Ракиев менен араб падышачылыгынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулеймандын жолугушуусунда белгилүү болду. Белгилеп кетсек, 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4 миң 300дөн ашык… Кененирээк…

Узартылган кышкы эс алуу бала бакчаларга тиешелүү болбойт

Узартылган кышкы эс алуу бала бакчаларга тиешелүү болбойт. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомство мектепке чейинки мекемелердин иши эпидемиологиялык абалга жараша болорун белгилейт. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда окуучулардын кышкы эс алуусу 16-январга чейин узартылды. Бул алдыңкы күндөрдө күтүлүп жаткан катуу суукка байланыштуу кабыл алынган… Кененирээк…

Красная Горка — Ак-Таш унаа жолу ачылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная Горка — Ак-Таш унаа жолу ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда учурда унаалардын өтүүсүнө эч кандай чектөө жок. Эске салсак, 8-январда аталган трассанын 1-4-чакырымында 7 миң 725 куб метрлик кар көчкү түшүп, каттам толугу менен жабылып калган.

Караколдо эл аралык аэропорт курулууда

Караколдо эл аралык аэропорт курулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал ишендиргендей, жаңы аба майдан жайында ишке берилет. Бул аэропорт бүтөөрү менен Нарын, Казарман, Кербен, Талас аэропорттору оңдоодон өтөт. Ички аба каттамдарды жандантабыз, — деди мамлекет башчы.