Аба-ырайынын кескин начарлашына байланыштуу куткаруучулар жарандарды этият болууга чакырат

Аба-ырайынын кескин начарлашына байланыштуу куткаруучулар жарандарды этият болууга чакырат. Айрыкча, жолдордо абайлаш керек, — дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.   Карга байланыштуу трассаларда көрүү начарлап, транспорт кыймылы татаалданып, жолдордо тыгындар жана авариялык абалдар жаралат. Айдоочуларга ылдамдыкты жогорулатпай, унааларды ашып өтпөй жүрүү сунушталат. Ал эми жөө жүрүүчүлөр… Кененирээк…

“Сосновкада” оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

“Сосновкада” оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Чектөөлөр бүгүн эртең менен аба-ырайынын начар шарттарынан улам киргизилген.   Учурда “Сосновка” өткөрүү түйүнү аркылуу транспорттун бардык түрү тоскоолдуксуз жүрүүдө. Айдоочуларга жол эрежелерин так сактап, этият болуу сунушталат.

Тоннасы 4 миң сомдук көмүр паспорт менен гана сатылат

Тоннасы 4 миң сомдук көмүр паспорт менен гана сатылат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Андан тышкары, жарандар жашаган жеринин дарегин катташы керек болот, ал эми бир колго 2 тоннадан ашык кара отун сатылбайт.   Ишканадан белгилешкендей, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жеңилдетилген көмүр берилбейт.  … Кененирээк…

Мектеп окуучуларынын жазгы каникулдары кыскартылат

Мектеп окуучуларынын жазгы каникулдары кыскартылат.   Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мартта окуучулар пландалган 10 күндүн ордуна, 5 эле күн эс алышат.   Муну менен жазгы каникулдар мектептерде 22-марттан 26-мартка чейин созулат. Ал эми сабактар кайра 27-мартта башталат. Бул катуу сууктун айынан… Кененирээк…

Россияда учуп бараткан учактын каалгасы ачылып кетти

Россияда учуп бараткан учактын каалгасы ачылып кетти. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Ан-26 учагы Магандан Магаданга учуп бараткан. Жүргүнчүлөрдүн айтымында, лайнердин эшиги учуп баратканда чыгып кеткен. Окуяга күбө болгондор белгилешкендей, элдин баш кийими да кошо учкан. Кулап кете жаздаган самолет аэропортко кайра кайтып келген. Бактыга… Кененирээк…

Аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекетке электр энергиясын сата алат

Аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекетке электр энергиясын сатууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул максатта Эмгек министрлиги Энергетика министрлиги менен биргеликте “Нур Кубат” долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат. Программанын алкагында Чүй жана Жайыл райондорунда жашаган аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн кубаттуулугу 5тен 10 кВт саатка чейин күн батареялары бекер орнотулат.… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

Бишкекте бардык коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Муниципалитеттин маалыматына караганда, жүргүнчүлөрдү 130 троллейбус, 190 автобус жана 1700дөй маршрутка тейлеп жатат.

ККМ колдонгон ишкерлер бир жылда үч эсе көбөйдү

Кыргызстанда контролдук-кассалык аппарат колдонгон ишкерлердин саны соңку бир жылда дээрлик үч эсе көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Салык кызматынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 2022-жылдын жыйынтыгы менен ККМ колдонуп иштегендердин саны 64 миңден ашты. 2021-жылы бул көрсөткүч 22 миңдей болчу. Салык кызматынын эсеби боюнча, ККМ колдонушу зарыл… Кененирээк…

Жыл ичинде Кыргызстанда дизель дээрлик 17 сомго кымбаттады

Кыргызстанда акыркы бир жылда дизелдин баасы дээрлик 30 пайызга же 17 сомго кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет. Алсак, 2021-жылдын 31-декабрында солярканын литри республика боюнча орточо эсеп менен 58 сом болсо, өткөн жылдын 30-декабрында 75 сомду түзгөн. Күйүүчү май Токтогулда эң кымбат болуп, литри… Кененирээк…

“Сосновкада» оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

“Сосновкада» оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлиги билдиргендей, мындай чара начар аба ырайына байланыштуу кабыл алынды. Жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тыюу салуу абал жакшырганга чейин күчүндө болот. Ал эми жеңил машинелер үчүн түйүн ачык, бирок айдоочулар бардык жол эрежелерин так сакташы… Кененирээк…