Абоненттер электр энергиясынын мүмкүн болгон өчүрүүлөрү тууралуу эскертилет

Абоненттер электр энергиясынын мүмкүн болгон өчүрүүлөрү тууралуу эскертилет. Улуттук электр тармактары компаниясынан билдиришкендей, буга чейин кайсы райондо электр энергиясы максималдуу колдонула тургандыгы белгисиз болгондуктан, эртелеп эскертүү мүмкүн болгон эмес.

 

Эми буга чейинки өчүрүүлөрдү анализдеп, кайсы тилкелерде ашыра жүк келүү боло турганын айтса болот.

 

Компаниядан белгилешкендей, бул жабдууларга күч келип, алардын иштен чыгышын алдын алуу үчүн көрүлгөн чаралардын бири.