Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылына ачык

Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Төө-Ашууда жолчулар иштеп, трассаны кардан тынбай тазалап, инерттүү материалдарды сээп жатат.   Бишкек – Ош жолу менен сапарга чыга турган айдоочуларга жанында тайгактыкка каршы күрөшүүчү шаймандарды ала жүрүү сунушталат. Ала-Бука – Каныш-Кыя,… Кененирээк…

Улуттук банк беш акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу токтотту

Улуттук банк быйыл жыл башынан бери 25 акча алмашуу жайы текшерилип, мыйзамдын талаптарын аткарбаган беш акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулганын билдирди.   Экөөнө 55 миң сомдон айып салынган. Мындан тышкары лицензиясы жок акча алмаштыруу менен алектенген 10 адам 175 миң сом айыпка жыгылды. Кыргызстанда… Кененирээк…

Ордо калаанын 6 мектебине интерактивдүү такталар тапшырылды

Ордо калаанын 6 мектебине интерактивдүү такталар тапшырылды. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, эми №13, 68, 8, 42, 50, 57 мектептердин окуучуларында сабактарды “акылдуу дисплей” менен өтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.   Жалпысынан мектептерге 51 даана интерактивдүү панель тапшырылды.

Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат

Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, өзгөчө коомдук транспорттун ичинде этият болуу керек.   Соңку күндөрү маршруттук таксилерде жана автобустарда жеке буюмдарды  уурдоо фактылары көбөйүүдө.Милициядан белгилешкендей, телефон, капчык жана башка баалуу бумдарды сырткы чөнтөктөргө салбаш керек.

Кыргызстанга көчмө компьютердик томограф жеткирилет

Кыргызстанга көчмө компьютердик томограф жеткирилет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, тиешелүү келишим япониялык адистер менен жетишилди. Көчмө томограф жүрөк-кан тамыр жана башка ооруларды баштапкы этабында аныктоого шарт түзөт.   Диагностиканы көбүнчө алыскы райондордун тургундарына жасоо пландалууда.   Томограф автономдук түрдө иштеп, электр кубатына зарылчылыгы жок.

Кытайдан жеткирилген 120 автобус учурда бажы процедураларынан өтүп жатат

Кытайдан жеткирилген 120 автобус учурда бажы процедураларынан өтүп жатат.   Андан кийин “Унаа” мамлекеттик ишканасында каттоого алынып, линияларга чыгарылат, — деп 24 агенттигине Транспорт департаментинин башчысы Максат Нусувалиев билдирди.   Белгилеп кетсек, буга чейин Бишкек бийлиги автобустардын келиши менен борбордук бөлүк маршруттук таксилерден бошотулуп, бир… Кененирээк…

Өлкө аймагында январда күрүчтүн килограммы дээрлик 5 сомго кымбаттады

Өлкө аймагында январда күрүчтүн килограммы дээрлик 5 сомго кымбаттады.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт. Алсак, айдын башында азык орточо эсеп менен 94 сомдон сатылып келсе, айдын аягында күрүчтүн баасы 98 сом 50 тыйынга чыкты.   Учурга карата эң арзан күрүч Өзгөндө, бир килограммы… Кененирээк…

Жүргүнчүлөрү менен учак асманда 13 саат жүргөндөн кийин кайра аэропортко кайтып келди

Жүргүнчүлөрү менен учак асманда 13 саат жүргөндөн кийин кайра аэропортко кайтып келди. Аба кемеси Дубайдан Жаңы Зеландиянын Окленд шаарына багыт алган.   Көздөгөн жерине жетип, конууга аз калганда Окленд аэропорту өзгөчө кырдаал үчүн рейстерди кабыл албай жатканы белгилүү болот. Шаарды нөшөрлөгөн жаандан кийин суу каптаган.… Кененирээк…

Чоң-Капкада жүк ташуучу машинелердин кезеги пайда болду

Талас облусундагы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашкан «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде 1-февраль, саат 17:30га карата алтымыштай жүк ташуучу автоунаа кезекте турат.   Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка караганда, «узун кезекке жүк ташуучу автоунаалардын көп келип жатканы… Кененирээк…