Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Төө-Ашууда жолчулар иштеп, трассаны кардан тынбай тазалап, инерттүү материалдарды сээп жатат.
Бишкек – Ош жолу менен сапарга чыга турган айдоочуларга жанында тайгактыкка каршы күрөшүүчү шаймандарды ала жүрүү сунушталат. Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная горка – Ак-Таш унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралды, бирок трассалар ачык.
Айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сакташы керек.