Өлкө аймагында январда күрүчтүн килограммы дээрлик 5 сомго кымбаттады

Өлкө аймагында январда күрүчтүн килограммы дээрлик 5 сомго кымбаттады.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт. Алсак, айдын башында азык орточо эсеп менен 94 сомдон сатылып келсе, айдын аягында күрүчтүн баасы 98 сом 50 тыйынга чыкты.

 

Учурга карата эң арзан күрүч Өзгөндө, бир килограммы – 88 сомдон, ал эми эң кымбат Кара-Балта шаарында, бул жерде тургундар күрүчтү 124 сомго сатып алууга аргасыз.