Ошто жер үстүндөгү өтмөктөрдү куруу пландалууда

Ош шаарында жер үстүндөгү өтмөктөрдү куруу пландалууда. Түштүк борбордун мэриясы эки өтмөктүн эскизин тартуулады. Объекттер унаа тыгыны көп жаралган көчө кесилиштеринде пайда болот деп болжолдонууда. Бирок азырынча так жери аныктала элек. Бул үчүн керектелүүчү каражаттын көлөмү да белгисиз.

Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Нурбек Кадыров Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Азат Кубатбек уулу болсо Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы болуп… Кененирээк…

Куланак ГЭСинин курулушун Евразия өнүктүрүү банкы каржылайт

Куланак ГЭСинин курулушун Евразия өнүктүрүү банкы каржылайт. Буга чейин тиешелүү келишимге кол коюлган. Объект Нарын дарыясына курулат. Гидроэлектрстанциянын жылдык электр энергиясын иштеп чыгаруусу 400 миллион киловатт-сааттан ашат. Долбоордун баасы дээрлик 118 миллион долларды түзөт. ГЭСтин ишке кириши Кыргызстандын Борбор Азиядагы позициясын бекемдеп, анын ичинде аймактагы… Кененирээк…

Pfizer вакцинасы Кыргызстанга февралдын аягында жеткирилиши керек

Коронавируска каршы Pfizer вакцинасы Кыргызстанга февралдын аягында жеткирилиши керек. Бул тууралуу 24 агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Жалпысынан 20 миң дозанын келиши күтүлүүдө. Жеткирүү COVAX механизми аркылуу ишке ашырылат. Акыркы жолу республика бул вакцинаны былтыр августта алган, бирок октябрь айында анын жарамдуулук мөөнөтү аяктаган.

Жаңы автобустар линияга качан чыгарылат?

Бишкектеги жаңы автобустар бардык процедуралар аяктагандан кийин линияга чыгарылат. Бул тууралуу Novosti.kgге мэриянын транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди. Анын айтымында, учурда унааларды “бажыдан өткөрүү” жана “Унаа” мамлекеттик мекемесине каттоо иштери жүрүп жатат. Мунун баары 10 күндөй убакытты талап кылат. Чиновник ошондой эле жаңы каттамдарды… Кененирээк…

Баткен облусунда дагы 35 үйдүн курулушу жыйынтыкталды

Баткен облусунда дагы 35 үйдүн курулушу жыйынтыкталды. Бул тууралуу президент администрациясынын саясаттык маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.   Анын айтымында, жаңы турак-жайлардын ээлерине ошондой эле 100 миң сомдон тапшырылды.   Андан тышкары, бул жума ичинде дагы 15 имарат колдонууга берилет. Эске салсак, жалпысынан өткөн… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги мектеп директорлоруна сынак жарыялады

Билим берүү министрлиги мектеп директорлоруна сынак жарыялады.   Талапкер бир гана бош орунга арыз таштай алат. Талаптар жана зарыл документтердин тизмеси менен ведомствонун сайтынан таанышып алса болот.   Эске салсак, 5 жылдан ашык мектеп директору кызматын ээлегендер иштен алынып, алардын ордуна талапкерлер сынак менен тандалып… Кененирээк…

Өлкөдө “балага сүйүнчү” пособиесин берүү жанданды

Өлкөдө “балага сүйүнчү” пособиесин берүү жанданды. Бул тууралуу novosti.kgге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, январдын башынан бери 18 миң ымыркайдын ата-энесине жалпысынан 70 миллион сомдон ашык берилди. Эске салсак, өтүп кеткен жылдын декабрында улуттук маалымат базасы жаңыртылгандыктан, каражат берүү убактылуу… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар жетишсиздиги жок

Кыргызстанда доллар жетишсиздиги жок. Буга Улуттук банктын адиси Эрлан Абдраимов ишендирди. Анын айтымында, өлкөдө доллар жетиштүү өлчөмдө бар жана ички валюталык рынокто абал туруктуу.   Адис белгилегендей, акча алмаштыруучу жайлар сырткы тактада көрсөтүлгөн курс менен гана жарандарга валютаны сатууга укуктуу. Эгер өзгөртүүлөр катталса, кыргызстандыктар Улуттук… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча Суперкубогу үчүн оюн Оштун борбордук стадионунда өтөт

Кыргызстандын футбол боюнча Суперкубогу үчүн оюн Оштун борбордук стадионунда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз кесипкөй футбол лигасынан билдиришти. Беттеш 8-мартка белгиленди.   Ардактуу кубок үчүн канттык “Абдыш-Ата” жана оштун “Алай” командасы күч сынашат. Белгилеп кетсек, бул Кыргызстандын  12-суперкубогу ойнотулуп жатат. Үчүнчү ирет турнир Ошто өтүүдө.