Бүгүн таңда Кыргызстанда эки ирет жер титиреди

Бүгүн таңда Кыргызстанда эки ирет жер титиреди.

 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, биринчиси 3.42де катталып, күчү 5 баллды түздү, ал эми экинчиси таңкы 6да болуп, күчү 5,6 баллга жетти.

 

Зилзаланын очогу Кыргызстан менен Кытайлые чек арасындагы Какшаал тоолорунда жайгашты. Жердин силкинүү күчү Таш-Короо, Кургак, Эңилчек айылдарында 4, ал эми Эчкилүү-Таш, Кең-Сууда 3.5 балл болду. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор жок.