Эрназар Акматалиев Египетте өткөн эл аралык турнирде алтын медаль багындырды

Эрназар Акматалиев Египетте өткөн эл аралык турнирде алтын медаль багындырды. Кыргызстандык балбан 70 килограмм салмак категориясында чыгып, финалдык жолугушууда АКШдан келген атаандашын утуп алды.

 

Ошондой эле Тайырбек Жумаш уулу украиналык балбанды 10:0 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды. Учурда Кыргызстандын капчыгында 9 медаль бар, анын үчөө алтын.