Ошто, Ысык-Көлдө мыйзамсыз менчиктелген жерлер кайтарылат

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ош шаарында 1644 чарчы метр, Ысык-Көлдө курорттук-рекреациялык аймактагы 4,62 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Ош шаарынын мэриясынын 2002 жана 2004-жылдардагы токтомдору менен 1644 чарчы метр жер тилкелери мыйзамсыз түрдө менчикке берилген.

Бул боюнча шаардык прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкелердин укук берүүчү иш кагаздары жараксыз деп табылды. 18 миллион 700 миң сомго бааланган жер тилкелери шаардын менчигине кайтарылды.

Ал эми Ысык-Көл райондук прокуратурасы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чок-Тал жана Өрнөк айылдарынын ортосунда 4,62 гектар аянттагы жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтарды. Мекеме 2013-жылы Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл филиалы тарабынан мыйзамсыз түрдө Ч.Т. аттуу жаранга жеке менчик укугу боюнча акт берилгенин аныктаган.

Кийинчерээк бул жер тилкеси 18 адамга өткөн. Райондук прокуратура 2013-жылдагы соттун чечимине каршы облустук сотко кайрылган. Жогорку инстанция доо арызды канааттандырып, жер тилкелерин сатуу-сатып алуу бардык келишимдер жараксыз деп табылган.

Натыйжада баасы 63 млн 806 миң сомду түзгөн 4,62 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылганы расмий маалымдалды.