АКШ тургуну ката кетирип, 50 миң доллар утуп алды

АКШ тургуну ката кетирип, 50 миң доллар утуп алды.

 

Мэриленд штатынын жашоочусу дүкөнгө кирип дароо ойнотулуучу лотерея билетин алууну чечкен. Бирок ал 2 долларлык билеттин ордуна байкабай 20 доллар турган билетти алып алган.

 

Ашыкча акчасын коротуп алганына кейип атып аял 50 миң доллар утуп алганын билди. Учурда ал капысынан келген байлыкты кайда жумшайм деп ойлонуп жатканын билдирди.