Бишкекте быйыл 12 бала бакча жана 1 мектеп курулат

Бишкекте быйыл 12 бала бакча жана 1 мектеп курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады. Анын айтымында, кийин мамлекет тарабынан ордо калаада окуу жайлар салынбайт.

 

Зарыл болсо, курулушту жеке бизнес ишке ашырат.

 

Жер тилкесин бийлик бул максатта акысыз бөлүп берип, бардык коммуникацияларды өткөрүп берет. Мындай мүмкүнчүлүк аймактарда дагы пайда болот, — деди Садыр Жапаров.