Бишкектеги үч конушта ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектеги Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, 2-мартта турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо объекттери, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай мекемелеринде суу болбойт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу. Жарандар жана уюмдар таза сууну эртелеп камдап алуусу зарыл.

Чет элдик жарандар жана компаниялар Ысык-Көлдөгү пансионат жана жер тилкелерине ээлик кыла алат

Чет элдик жарандар жана компаниялар Ысык-Көлдөгү пансионат жана жер тилкелерине ээлик кыла алат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Документке ылайык, бул мыйзамды кабыл алуу менен туризм тармагына инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Чеченстанда жакшы окуган мектеп окуучулары коомдук транспортто акысыз жүрө алат

Чеченстанда жакшы окуган мектеп окуучулары коомдук транспортто акысыз жүрө алат.   Алар билеттин ордуна күндөлүктөгү “бешти” көрсөтсө жетиштүү.   Муну менен өлкөнүн Транспорт жана байланыш кызматы балдарды жакшы жыйынтыктарга үндөп, ийгиликтери үчүн демилге берүү ниетинде. Акция 22-февралда башталып, окуу жылынын аягына чейин күчүндө болот.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар 74 миллион сомдон ашык чогултту

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар 74 миллион сомдон ашык чогултту.   Соңку маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес жарандар которуп жатат.   Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Киштиану Роналду 2007-жылдан бери биринчи ирет символдук курамага кирбей калды

Португалия курамасынын жана Сауд Арабиянын “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду 2007-жылдан бери биринчи ирет символдук курамага кирбей калды.   Эске салсак, түндө ФИФА футбол дүйнөсүндөгү мыктыларды аныктап, наам тапшырды. Ошондой эле, жыл жыйынтыгы менен символдук команда жарыяланды. Ага 11 мыкты оюнчу кирди.   Алар Куртуа,… Кененирээк…

Бишкекте бүгүнтөн тарта №35 автобустук каттам ишин жандантты

Бишкекте бүгүнтөн тарта №35 автобустук каттам ишин жандантты. Ал Батыш унаа бекетинен Чыгыш бекетине чейин жүрөт.   Интервалы 7 мүнөттү түзөт. Жалпысынан бул линияга 14 автобус бөлүндү, алар №113 маршруттук каттамдагы  42 маршрутту алмаштырат.   Алар өз кезегинде Учкун-2 конушунан Фучик көчөсүнө чейин жүргөн жаңы… Кененирээк…

Кыргызстан жарандыгын алууну каалаган россиялыктардын саны өткөн жылы дээрлик 7 эсе көп болду

Кыргызстан жарандыгын алууну каалаган россиялыктардын саны өткөн жылы дээрлик 7 эсе көп болду.   Мындай маалыматты Экономист басылмасына Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Ага ылайык, 2021-жылы Кыргызстан жарандыгына кабыл алуу боюнча 554 россиялыктан арыз кабыл алынган. Ал эми өткөн жылы алардын саны 3 миң 731ди… Кененирээк…

Түндө Ош облусунун Алай районунда жер титиреди

Түндө Ош облусунун Алай районунда жер титиреди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди. Ага ылайык, 28-февралдын түнү саат 01:36да Кытайдын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен силкинүү катталган. Анын эпкини Алай районуна дагы тийип Нура айылында 4 балл, Эркеч-Там жана Икизяк… Кененирээк…

Бразилиянын легендарлуу футболчусу Роналдиньо испаниялык Медиалигага катышты

Бразилиянын легендарлуу футболчусу Роналдиньо испаниялык Медиалигага катышты.   Ал “Порсинос” клубунун курамаында “Пио” командасына каршы ойноду. Беттештин төртүнчү мүнөтүндө Роналдиньо оюн талаасына капитандын белгиси менен чыкты.   Медиалиганын алкагындагы бул жолугушууга онлайн трансляция учурунда 1 миллиондон ашык адам көз салды.

Бишкекте бүгүнтөн тарта карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт

Бишкекте бүгүнтөн тарта карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, ордо калаада 5,3 миң абоненттин электр энергиясы үчүн бересеси бар.   Жарыгы жок калбаш үчүн, керектөөчүлөргө карызды бүгүн төлөө сунушталат. Төлөмдөр электрондук капчык, терминал, банк кассалары жана почта бөлүмдөрүндө кабыл алынат.