Апрель айы Кыргызстанда жылуу жана жаан-чачындуу болот

Апрель айы Кыргызстанда жылуу жана жаан-чачындуу болот. Синоптиктердин маалыматына караганда, бул айда республиканын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы нормадан 2 градуска жогору болот.

 

Өлкөнүн түндүк аймактарында абанын минималдуу температурасы түнкүсүн 4…6 градус жылуу болсо, күндүз кээ бир күндөрү 28 градуска чейин ысышы күтүлөт. Түштүктө аба түнкүсүн 12…16, күндүз 20…32 градуска чейин көтөрүлөт.

 

Апрель айында жаан-чачындын нормадан ашык болушу күтүлөт.