Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу дагы узартылды

Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу дагы узартылды.

 

Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, ордо калаанын Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта, Жогорку Кеңештин имаратынын жана президенттин администрациясынын алдында, аларга жакын Панфилов паркында 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө болбойт.

 

Мындан тышкары Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүл бакта, Жогорку Соттун жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, УКМКнын жанында да нааразылык акцияларына тыюу салынат.

 

Митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчада чогулса болот.