Ата мекендик авиакомпания Москвага жаңы каттамдарды ачты. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинен билдиришти.
Жергиликтүү компания Бишкек — Москва — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарды жумасына эки жолу, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарат.
Биринчи рейс 30-апрелден тарта жеткиликтүү.