Ысык-Көлдө күн электр станциясынын курулушу башталды

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында күн электр станциясынын курулушу башталды. Анын кубаттуулугу 300 МВт деп билдирди министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

 

Күн электр станциясын куруу боюнча келишимге соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунда кол коюлган.

 

Инвестициянын көлөмү 300 миллион долларды түзөт.

 

Электростанциянын курулушу жана эксплуатацияланышы менен 500дөн ашуун жумуш орду түзүлөт.