Чүйдөгү 10 үй-бүлөгө күн батареясы орнотулат.
Энергетика министрлиги кубаттуулугу саатына 10 кВт түзгөн күн электр станцияларын сатып алууга тендер жарыялады. Пландалган сумма 9 миллион сомдон ашат.
Сатып алуу министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондундагы каражаттын эсебинен ишке ашат. Станциялар Жайыл жана Чүй районундагы үй-бүлөлөр үчүн орнотулары белгиленди.
Эске салсак, өкмөт буга чейин Кыргызстанда аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн күн батареялары бекер орнотуларын жарыялаган. Пилоттук долбоор азырынча Чүй облусунда ишке ашырылат.